ГЕРБАРИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРБА́РИЙ (лат. herbarium, herba – чөп, өсүмдүк) – өсүмдүктөрдүн атайын жыйналып, кургатылган коллекциясы, ошондой эле ал сакталуучу мекеме. Ал илимий иштерде жана жогорку окуу жайларда, мектептерде көрсөтмө курал катары, ошондой эле ботаника, геоботаника, экология боюнча илимий-изилдөөдө кеӊири пайдаланылат. Гербарий үчүн чөп өсүмдүктөр тамыры менен казылып, ал эми бадал, дарактардын гүлү же мөмөлөрү, бутагы жалбырагы менен кесилип алынат да, нымды жакшы соруучу эки барак кагаздын ортосуна жайып салынып, атайын кол папканын ичинде сакталат. Гербарийге өсүмдүк аты, өскөн жеринин шарты, качан ж-а ким жыйнаганы жазылат. Гербарийдеги өсүмдүк тукуму, түрү аныкталып, катуу кагазга ар кайсы жеринен көктөлүп, сыртынан жука кагаз м-н капталат. КР УИАнын флора лабораториясында 150 миӊ барактан турган гербарий бар. Дүйнөдө 1800дөй гербарийде 250°000ден ашуун өсүмдүк түрү сакталат.