ГЕРЦЕН Александр Иванович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́РЦЕН Александр Иванович (25. 3. (6.4.). 1812, Москва – 9(21). 1. 1870, Париж) – жазуучу, философ ж-а публицист. Москва универнситетинин физика-математика факультетин бүтүргөн (1833), анда революциялык ийримге жетекчилик кылган. 1834-жылы камакка алынып, 6 жыл сүргүндө болгон. Чыгармалары 1836-жылдан Искандер деген псевдоним м-н жарык көрө баштаган. 1842-жылдан Москвада жашап батышчылардын сол канатын

А. И. Герцен – Н. Н. Ге тарткан портрет. 1867.
Третьяков галереясы. Москва.

жетектеген. «Илимдеги дилетантизм» (1842–43), «Табиятты үйрөнүү жөнүндөгү каттар» (1844–45) ж. б. философиялык эмгектеринде, «Ким айыптуу?» романында (1841–46), «Доктор Крупов» (1847), «Сааттуу сагызган» (1848) повесттеринде крепостнойлук турмушту катуу сындаган. 1847-жылдан эмиграцияда болгон. 1848-жылы Франциядагы революция жеӊилгенден кийин Батыштын революциячыл мүмкүнчүлүктөрүнөн көӊүлү калып, «орус социализми» теориясын иштеп чыгып, народничествону негиздөөчүлөрдүн бири болуп калган. Герцен Лондондо эркин орус басмаканасын негиздеген (1853). «Болгондор жана ойлор» (1852–68) деген автобиографиялык чыгармасы Герцендин көркөм чыгармачылыгынын туу чокусу болгон. 1855-жылы «Полярная звезда» деген альманахты, 1857-жылы Огарёв м-н бирге орустун биринчи революциялык гезити «Колоколду» чыгарат. Бул гезит Россиядагы жеке бийликтин бетин ачып, революциялык үгүт жүргүзгөн, дыйкандарды жери м-н эркиндикке чыгарууну талап кылган. Ошондой эле демократиялык ж-а революциялык күчтөрдү баш коштурууда чоӊ роль ойногон. 1861-жылы реформаны даярдоо мезгилинде либералдык Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов м-н талаш-тартышка чыккан. 1861-жылы чечкиндүү түрдө революциялык демократия тарабына өтүп, «Жер жана эркиндикти» түзүүгө жардам кылган, 1863–64-жылдардагы поляктардын көтөрүлүшүн колдоп чыккан. Өмүрүнүн акыркы жылдарында I Интернационалдын иши м-н жумушчу табынын күрөшүнө көӊүл бурган. Ал өзүнөн кийинки адабий сын ойлордун өнүгүшүнө, жалпы эле орус революциялык ой-пикиринин өсүшүнө таасирин тийгизген. Анын айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.