ГИДРАТТАНУУ
ГИДРАТТАНУУ – эриген заттардын суу м-н химиялык өз ара аракеттенүүсү; сольватациянын бир түрү. Гидролизден айырмаланып, анда суутек ж-а гидроксил иондору пайда болбойт. Анын бир нече түрү бар: щелочторду, кислоталарды пайда кылуучу окистердин (мис., SO3+H2O=H2SO4, Na2O+H2O=2NaOH), сууда электр диссоциация жүрүүгө бирден бир себепкер болгон иондордун, органикалык заттардын Гидраттануусу белгилүү. Кээ бир органикалык же органикалык эмес заттар суу м-н кристаллдуу-гидраттарды пайда кылат. Мисалы, суусуз СuSO4 – түссүз зат. Анын суудагы эритиндисинен ачык көк түстөгү гидрат CuSO4 . SH2O – көк таш кристаллданып, электролиттерде эриткенде иондордун гидраты пайда болот. Органикалык бирикмелердин Гидраттануусу органикалык заттарды синтездөөдө чоӊ роль ойнойт, мисалы, этиленден этил спирти CH2=CH2+HOH>C2H5OH ж. б. алынат.