ГИДРОБИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОБИОЛО́ГИЯ (гидро... ж-а биология) – сууда жашаган организмдер, алардын жашоо шарттары, өз ара байланыштары, океан-деӊиздер м-н агын суулардын биологиялык продукттуулугу жөнүндөгү илим. Суунун физикалык-географиялык өзгөчөлүктөрү (химиялык курамы, эриген газдар, алардын саны, суунун тунуктугу ж. б.) андагы организмдерге ж-а алардын тиричилик аракеттерине жараша болот. Гидробиологиянын негизги милдеттери: суудагы процесстерди башкаруу, башкача айтканда кишиге пайдалуу организмдерди көбөйтүү, керексиздерин азайтуу, суунун биологиялык продукттуулугун жогорулатуу. Гидробиологияга суудагы калдыктар м-н булганычтарды изилдөө, сууларды булгануудан тазалоо жолдорун иштеп чыгуу да кирет.