ГИДРОИЗОЛЯЦИЯ
ГИДРОИЗОЛЯ́ЦИЯ (гидро… ж-а фр. isolation – бөлүнүү, обочолонуу) – конструкцияларды, имарат ж-а курулмаларды суу ж. б. суюктуктардын таасиринен коргоо, технологиялык суюктуктун агып кетишин алдын алуу максатында колдонулуучу каражат. Гидроизоляция имараттарды, курулуштарды ж-а жабдууларды нормалдуу пайдаланууну камсыз кылып, алардын ишенимдүүлүгүн ж-а чыдамдуулугун жогорулатат. Негизги материалдардын түрлөрү боюнча гидроизоляция асфальттык, минералдык, пластмассалык ж-а металлдык; түзүлүшү боюнча сырдалуучу, шыбалуучу, желимдөөчү, куюлуучу, сиӊирилүүчү, инъекциялык, көмүлүүчү, орнотулуучу; негизги арналышы ж-а конструкциялык өзгөчөлүктөрү боюнча беттик, шпонкалык, кысууга ж-а үзүүгө иштөөчү, тигиш тыгыздагыч ж-а бириктирүүчү, комплекстүү арналыштагы (жылуулук гидроизоляция, пластикалык компенсаторлор) болуп бөлүнөт. Гидроизоляцияда негизин даярдоо, гидроизоляция каптагычын ж-а сактоочу тосмолорду орнотуу, деформациялануучу тигиштерди ж-а биригүүлөрдү тыгыздоо жүргүзүлөт. Баасы ж-а чыдамдуулугу бирдей гидроизоляциянын ичинен керектүү түрүн тандап алууда жумушту комплекстүү механикалаштыруу мүмкүндүгүнө артыкчылык берилет ж-а жыл бою колдонулат. Азыркы учурда гидроизоляциянын асфальттык шыбалуучу ж-а полимердик сырдалуучу, сиӊирилүүчү ж-а орнотулуучу түрлөрү иштелип чыккан.