ГИДРОСТАТИКАЛЫК ПАРАДОКС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОСТАТИКАЛЫК ПАРАДО́КС – идиштеги суюктуктун салмагы ал суюктуктун идиштин түбүнө жасаган басым күчүнөн айырмаланган кубулуш. Оозу кенен идиштеги суюктуктун идиштин түбүнө жасаган басымы салмагынан аз, ал эми оозу кууш идиште анын салмагынан чоӊ; ал эми цилиндр түрүндөгү идиште суюктуктун салмагы м-н басым күчү бирдей болот. Ар кандай формадагы, түбүнүн аянты бирдей идиштерге бир эле суюктукту бирдей деӊгээлге чейин куйса, анда суюктуктар ар кандай салмакта болсо да, бардык идиштердин түбүнө аракет этүүчү басым күчтөрү бирдей ж-а цилиндр түрүндөгү идиштеги суюктуктун салмагына барабар болот. Бул тынч абалдагы суюктук басымынын тереӊдикке ж-а тыгыздыкка көз карандылыгын түшүндүрөт. Гидростатикалык парадоксту алгач 1654-жылы франциялык математик ж-а физик Б. Паскаль байкаган.