ГИДРОХИНОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОХИНО́Н, 1,4 - д и о к с и б е н з о л, С6Н4(ОН)2 – эки атомдуу фенол. Молекулалык салмагы 110,11, ачык боз түстүү кристалл; эрүү t 170°С, кайноо t 285°С. Бензолдо, муздак сууда начар, ысык сууда, спиртте, эфирде, бензолдо, ацетондо жакшы эрийт. Гидрохинондун суудагы эритмеси абада кычкылданып, кочкул күрөӊ түскө өзгөрөт: кычкылданууда алгач хингидронго, анан n-бензохинонго айланат. Гидрохинон – күчтүү калыбына келтиргич. Гидрохинонду n-бензохинонду калыбына келтирүүдөн алынат. Гидрохинон сүрөт ишинде, органикалык боёкторду синтездөөдө, анализдик химияда калыбына келтиргич майлар үчүн антиоксидант, полимерлөөдө ингибитор катары кеӊири колдонулат.