ГИКСОСТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ГИКСОСТОР – барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИКСОСТОР – б. з. ч. 1700-жылдар ченде Алдыӊкы Азиядан барып, Египетти басып алган азиялык көчмөн уруулар тобу. «Гиксостор» деп египеттиктер адегенде чет жерлик падышаларды («малчылардын башкаруучулары»), кийин ошол топтогу уруулардын баарын атап калышкан. Гиксостордун чыныгы аталышы белгисиз. Алар Төмөнкү Египетке жайланышып, Аварис деген борборун салышкан. Гиксостор биринчилерден болуп Египетте жылкы өстүрүшүп, кош дөӊгөлөктүү арабаны пайдаланышкан, египет жазуусун жөнөкөйлөштүрүшүп, алфавиттик жазууну киргизишкен. Б. з. ч. 16-кылымдын башында Гиксостордун эзүүсүнө каршы египеттиктердин кыймылы башталып, фараон Яхмос I Аваристи басып алган. Гиксостордун аман калгандары Палестинага журт которушуп, көчүп кетишкен. Алардын мындан кийинки тагдыры дайынсыз.


Ад.: Новые данные о гиксосском владычестве в Египте//«Вестник древней истории». 1958. ¹ 3.