ГИНДУКУШ
ГИНДУКУ́Ш (иранча Хинду – Индия ж-а кух – тоо) – Азиядагы тоо системасы. Негизинен Афганстан м-н Пакистандын аймагында. Узундугу 800 кмдей, туурасы 350 кмге чейин. Эӊ бийик жери 7690 м (Тиричмир чокусу), борбордук ж-а чыгыш бөлүктөрү башка жерлеринен 4000 мге бийик. Тоолор альп бүктөлүшүнөн пайда болуп, метаморфизмделген байыркы тоо тектерден (сланец, гранит, акиташ ж. б.), ошондой эле мезозой-кайнозойдун чөкмө катмарларынан турат. Тегерек чокулуу орто бийиктеги кырка тоолор чыгышта бийик бөксө тоолорго ж-а альп тибиндеги рельефтүү, мөӊгүлүү (аянты 6,2 миӊ км2) айрым массивдерге өтөт. Негизги кырка тоолору Баба, Пагман. Гиндукуштун батыш уландысы – Паропамиз тоолору. Климаты континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 300–800 мм (түштүк-чыгышында 1000 ммге чейин). Тикендүү бадал өскөн тоолуу жарым чөл ж-а кургак талаа, түштүк-чыгыш капталдарында жалбырагы күбүлмө, жазы ж-а ийне жалбырактуу токой, бийик бөксө тоолордо – муздак чөл ландшафттары мүнөздүү.