ГИПЕРБОЛА (көркөм ыкма)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ГИПЕРБОЛА барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕ́РБОЛА – апыртып сүрөттөөгө негизделген көркөм ыкма; бир нерсенин чыныгы өзүндө жашаган белгисин апырта көрсөтүү (мисалы, анын акылы Ысык-Көлдөй тереӊ, Ала-Тоодой бийик). Ал ойдун курч, таасирдүү формада айтылышы үчүн керек. Гипербола эпикалык фольклорго, романтикалык поэзияга мүнөздүү. Көбүнчө литотанын карама-каршы түшүнүгү катары колдонулат.