ГИПЕРБОЛА ФУНКЦИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕРБОЛА ФУНКЦИЯЛАРЫ́РБОЛА ФУНКЦИЯЛАРЫ – төмөнкү формулалар: гипербола синусу, гипербола косинусу, – гипербола тангенси ж-а гипербола котангенси м-н аныкталуучу функциялар. «Гипербола функциялары» терминин немис физиги ж-а математиги И. Ламберт киргизген (1768). Гипербола функцияларын (к. 1- чийме) тригонометриялык функциялар аркылуу да туюнтууга болот:. Гипербола функцияларынын мындай аталышын теӊдемеси м-н берилген гиперболанын чекиттеринин абсциссасын гипербола косинусу, ал эми ординатасын гипербола синусу деп кароого болот, башкача айтканда гиперболанын параметрдик теӊдемеси: м-н берилет, мында – параметри гиперболанын чокусунан чекитке чейинки жаа м-н ушул чекиттин радиус-вектору ж-а абсцисса огу м-н чектелген сектордук эки эселенген аянты (2-чийме). Гипербола функциялары 1707-жылы ж-а 1722-жылы англиялык математик А. Муаврга (1667–1754) белгилүү болгон. Анын негизги катыштарын италиялык математик В. Риккати тапкан (1757). Гипербола функциялары физика, механика, электр-техника ж. б. илим тармактарынын маселелерин чыгарууда колдонулат. Ошондой эле Лобачевский геометриясы үчүн да маанилүү.

1-чийме.
2-чийме.