ГИПЕРИНФЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕРИНФЛЯ́ЦИЯ – акча бирдигинин наркынын кескин түшүшүнө‚ төлөм балансынын ж-а нормалдуу чарбалык байланыштардын бузулушуна алып келүүчү жүгүртүүдөгү товар баасы м-н акча массасынын өтө көбөйүшү. Гиперинфляциянын өсүшүн пайда кылуучу негизги экономикалык ж-а саясий факторлор – бул согуштун кесепетинен өлкөнүн экономикасында түзүлгөн саясий-социалдык кырдаал ортосундагы чекти айырмалоо кыйын.