ГИПОДЕРМАТОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПОДЕРМАТОЗДОР – бодо малдын, кой-эчкинин көгөөн личинкалары (окурасы) пайда кылуучу өнөкөт инвазия ылаӊы. Көгөөн личинкасын малдын терисине таштайт да, алар мал денесинде өөрчүйт. Андан 3–5 күндө курт пайда болот. Ал тез эле терини тешип, анын астына жайгашат, кийин сойлоп, кыр арка тарапка жылат. Жон териге жеткенде, тез чоӊоёт да, 30–40 күндө көгөөн терини тешип, учуп чыгат. Малдын терисинде көптөгөн тешиктер пайда болуп, экономикалык жактан зыян көбөйөт. Мал арыктайт, сүтү азаят. Бул ылаӊга каршы жай мезгилинде хлорофостун 1%түү эритмесин ж-а күзүндө гиподермин-хлорофос колдонулат.