ГИПОТЕЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПО́ТЕЗА (гр. gypjthesis – негиз, божомол) – кубулуштардын чыныгы маӊызы жөнүндө божомолдоп ой жүгүртүүгө негизделген, ырастыгы тажрыйбада али такталбаган кубулушту иликтөөгө киришүү үчүн пайдаланылуучу илимий ыкма; илимдин өнүгүү формасы. Гипотезасыз эч бир илимий тармактын өнүгүшү мүмкүн эмес. Гипотеза ар дайым теория м-н эриш-аркак өнүгөт. Гипотезалардын илимий ачылыштардагы ролу зор. Азыркы кездеги илимдин өнүгүшүнүн глобалдык мүнөзү, эӊ татаал эксперименттердин массалуулугу барган сайын теориялык ойлоого мажбурлоодо, демек эӊ оболу Гипотезаларга көбүрөөк муктаж болууда.