ГИРОТАХОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИРОТАХО́МЕТР (гиро... ж-а тахометр) – объектинин бурчтук ылдамдыгын аныктоо үчүн колдонулуучу гироскоптуу түзүлүш. Эки баскычтуу статикалык гироскопту пайдаланууга негизделген Гиротахометр кеӊири таралган. Гиротахометр м-н бурчтук ылдамдыктын секундасына градустун ондон бир үлүшүнө чейинки өзгөрүүлөрүн өлчөөгө болот. Гиротахометр негизинен учуучу аппаратта бурулууну көрсөткүч, автомат системасынын сезгич элементи катары ж-а кемедеги термелүүнү басаӊдаткычта колдонулат. Мындан тышкары г и р о т а х о а к с е л е р о м е т р деп аталган прибор да пайдаланылат. Бул прибор м-н бир эле убакта объектинин бурчтук ылдамдыгы ж-а бурчтук ылдамдануусу аныкталат.