ГИССАР МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Гиссар чебине саякат.

ГИССАР МАДАНИЯТЫ – Тажикстандын түштүк-батышындагы Кафирниган жана Вахш өрөөндөрүндөгү соӊку неолит дооруна таандык (биздин заманга чейинки 6–3 миӊ жылдык) байыркы аӊчылардын маданияты. Анын эӊ ири эстеликтери – Туткаул (Дүйшөмбүнүн түштүк, чыгышында), Куй-Вульен (Куляб шаарында) жана Кыргызстандын Алай кырка тоосунда. Гиссар маданиятына тиешелүү турак жайлар сууга жакын тектирлерде жайланышкан. Асты шыбалган үй, анын ичинде очоктордун калдыктары, оттук таш тегинен жылмаланып жасалган балта, ошондой эле кыргыч, бычак сымал одоно жасалган таш куралдар табылган. Бул учурда жаӊы куралдар менен бирге архаикалык, төмөнкү таш дооруна мүнөздүү куралдар колдонулган. Эл негизинен аӊчылык кылып, мал баккан. Дыйканчылык кылгандары да болгон.

Тажикстан, Гиссар чеби.