ГЛИЕЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛИЕ́Ж – фарфор сымал тыгыз тоо тек; таш көмүр катмарларынын жер астында күйүшүнөн бышып калган чопо. Глиеж баалуу силикат цемент (анын 50% глиеж-портланд цементтен турат) даярдоодо колдонулат. Кыргызстанда Кызыл-Кыя глиеж кени бар.