ГЛИНКА

ГЛИ́НКА Михаил Иванович [(20. 5 (1. 6). 1804, азыркы Смолен облусу, Новоспас кыштагы – 3 (15). 2. 1857, Берлин)], – композитор, орус классикалык музыкасына негиз салуучу. Помещиктин үй-бүлөсүнөн. 1817-жылы Петербург башкы педагогикалык окуу жайындагы Благородный пансионунан окуп, фортепьяно, скрипка, ырдоо, композиция, теория боюнча сабак алган. 1830-жылдан чет өлкөлөрдү (Италия, 1830–1833; Берлин, 1833–1834, 1856–1857; Париж, 1844–1845; Испания, 1845–1847) кыдырып, атактуу композиторлор менен кездешкен, музыкалык билимин өркүндөткөн. Орус жана дүйнөлүк музыкалык тажрыйбаны өздөштүрүү М. Глинканын жаӊычыл чыгармалар жаратуусуна негиз болгон. 1836-жылы Петербург Чоӊ театрында анын «Иван Сусанин» операсы коюлуп, анда элдин майтарылбас эрдиги, патриотизм идеясы сүрөттөлгөн. 1842-жылы ушул эле театрда «Руслан менен Людмила» операсы коюлган. Михаил Глинка классикалык орус операсына, симфонияга негиз салып («Камаринская» жана башкалар), вокалдык лириканын тарыхында жаӊы доорду ачкан (мисалы, А. С. Пушкиндин

И. Е. Репин тарткан портрет. 1887. Третьяков галереясы. Москва.

сөзүнө «Петербург менен коштошуу» романстар цикли). М. Глинканын «Испан увертюралары» – «Арагон хотасы» (1845), «Мадрид түнү» (1848) симфониялык музыкада испан музыкалык фольклорун пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө алгач ирет жол ачкан. Украин, поляк, финн, италян, чыгыш элдеринин музыкалык образдары менен обондорун өз чыгармаларында чеберчилик менен пайдаланган. Глинка – 80ге жакын чыгарманын автору. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында анын «Иван Сусанин», «Руслан менен Людмила» опералары коюлган.

Ад.: Орлова А. М. И. Глинка. Летопись жизни и творчества. М., 1952; Глинка в воспоминаниях современников. М., 1955.