ГЛИЦЕРИДДЕР
ГЛИЦЕРИДДЕР, а ц и л г л и ц е р и д д е р – глицериндин ж-а органикалык же минералдык кислоталардын татаал эфирлери. Молекуласындагы кислоталык калдыктын санына жараша моно-, ди- ж-а триглицериддер болуп бөлүнөт. С4– С18 көмүртек атомдорун кармаган карбон кислотасынын триглицериддери өсүмдүк ж-а жаныбар майларынын негизги курамдык бөлүгүн түзөт. Моноглицериддер триглицериддердин глицерин м-н аракеттенишүүсүнөн алынат. Курамында C2–C4 көмүртектүү карбон кислоталарынын триглицериддери, мисалы, триацетин, трипропионин, трибутирин тиешелүү кислоталардын глицерин м-н аракеттенишүүсүнөн алынат ж-а глицериндин хлорангидридине май кислоталарынын туздарын таасир этүү м-н синтезделет. Ошондой эле глицериндин хлоргидриди м-н карбон кислоталарынын туздарынын (щелочтуу металлдар) аракеттенишүүсүнөн да алынат. Органикалык эмес кислоталардын глицериддеринен азот кислотасынын триглицериди – нитроглицерин чоӊ мааниге ээ. Глицериддер косметикада, дары-дармектерди жасоодо, текстиль, кагаз өнөр жайында, глицеринди ж-а карбон кислоталарын алууда колдонулат. Глицериддер кагаз, була жылмалоочу каражаттардын курамына кирет, ири молекулалык массалуу карбон кислоталарын ж-а самын алууда сырьё болуп саналат. Кичине молекулалык массалуу карбон кислоталарынын глицериддери целлюлоза эфирлеринин пластификаторлору, кээ бир чайырлардын, целлюлоза эфирлеринин эриткичтери болуп саналат.