ГЛУТАМИН КИСЛОТАСЫ
ГЛУТАМИ́Н КИСЛОТАСЫ, а-а м и н г л у т а р к-т а с ы, НООС–СН2 – СН2–СН(NH2)–COOH – дикарбон амин кислотасы. Түссүз кристаллдар; L-изомеринин балкып эрүү t 247–249°С (ажыроо м-н); D-изомери үчүн балкып эрүү t 313°С (ажыроо м-н); сууда, этанолдо начар эрийт, эфирде эрибейт. Химиялык касиеттери боюнча глутамин кислотасы – кадимки алифаттык a-амин кислотасы. Ысытканда 2-пирролидон – 5-карбон кислотасын же пироглутамин кислотасын, Cu ж-а Zn м-н эрибеген туздарды пайда кылат. Пептиддик байланышты түзүүдө көбүнчө а-карбоксил тобу катышат. L-глутамин кислотасы бардык организмде эркин түрүндө ж-а белоктордун курамында кездешет. L-глутамин ккислотасы + NH3 + АТФ ↔ глутамин + + АДФ + Н3РО4. Бул реакция жаныбар ж-а кишинин NH3 алмашуусунда чоӊ роль ойнойт. Өнөр жайда глутамин кислотасы а-кетоглутар кислотасынан микробиологиялык синтез аркылуу алынат. Глутамин кислотасынын мононатрий тузу эттин даамына окшош болгондуктан, тамак-аш өнөр жайында, кальций ж-а магний туздары медицинада психикалык ж-а нерв ооруларын дарылоодо колдонулат. КР УИАнын органикалык химия институтунда глутамин кислотасынын бир нече жаӊы туздары алынган.