ГЛЮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛЮК Кристоф Виллибальд (2. 7. 1714‚ Бавария, Эрасбах – 15. 11. 1787‚ Вена) – немец композитору‚ скрипач, виолонгелист, музыкалык классицизмдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. 107 операнын автору. Анын «Артаксеркс» (1741), «Орфей жана Эвридика» (1762)‚ «Альцеста» (1767)‚ «Парис жана Елена» (1770), «Ифигения Авлидде» (1774)‚ «Армида» (1777)‚ «Ифигения Тавридде» (1779) чыгармалары опера-серияны түп тамырынан өзгөртүүдө жана операнын жаӊы түрүн түзүүдө тарыхый роль ойногон. Ал Л. Керубининин‚ Л. Бетховендин‚ кийин К. Глюк Берлиоздун‚ Ф. Листтин‚ айрыкча Р. Вагнердин чыгармачылыгына таасир эткен. Кристоф Глюк көп кырдуу таланттуу музыкант болгон. Ал бир нече музыкалык аспаптарда ойногон‚ ырдаган‚ балет өнөрүнүн өзгөчөлүгүн

Австрия, Вена. К. В. Глюк Хан сарай алдындагы «Бургтеатр» опера труппасынын капельмейстери, 1754-жыл.


К. В. Глюк. Ж. Б. Грёз тарткан портрет. Лувр. Париж.

жакшы билген. Вена балетмейстери менен бирге бир нече хореографиялык драмаларды койгон. Ошондой эле көрүнүктүү опера дирижёру да болгон.