ГЛЯЦИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛЯЦИОЛО́ГИЯ (лат. glacies – муз ж-а ...логия) – жер үстүндөгү табигый муздар (мөӊгү, муздук, кар катмары, суу муздары, тоӊ ж. б.) жөнүндөгү илим. Гляциология муздардын режимин ж-а өнүгүү динамикасын, айлана-чөйрө м-н болгон катнашын, жер бетинин өзгөрүүсүндөгү ролун, ошону м-н бирге кар-муз ресурсун, кар-муз системасынын айлана-чөйрө м-н зат алмашуусун, өзгөрүү кыймылын, азайып-көбөйүшүн, тоо мөӊгүлөрү м-н уюлдук муздуктардын өзгөчөлүктөрүн, планетанын геологиялык тарыхында муздуктардын ордун изилдейт. Ал өзүнүн теориялык ж-а практикалык маселелерин чечүүдө климатология, гидрология, геоморфология, физикалык география, механика, физика ж-а математика илимдеринин методдорун кеӊири колдонот. Гляциология изилдей турган бирдиктүү объект гляциосфера (атмосфера, гидросфера ж-а литосферадагы катуу түрдөгү суу) деп аталат. Гляциологиянын негизги милдеттерин аныктоодо илимпоздордун арасында эки түрдүү көз караш бар. Изилдөөчүлөрдүн бир тобу (С. В. Калесник, М. В. Тронов ж. б.) Гляциологиянын милдети мөӊгүлөрдү гана изилдөө десе, экинчи тобу (П. А. Шумский, Г. Д. Рихтер, И. С. Щукин ж. б.) аны табиятта кезигүүчү бардык муздар, башкача айтканда атмосферадагы (суу үстүнө тоӊгон муз ж. б.) ж-а литосферадагы (кар катмары, мөӊгү, жер алдындагы муз ж. б.) муздар жөнүндөгү илим деп эсептейт. Бирок, кийинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, Гляциологиянын негизги изилдей турган объектиси – тоо мөӊгүлөрү, уюл муздуктары ж-а кар көчкүлөр. Жер бетиндеги муздардын 99% ушуларда топтолгон. Кыргызстандын мөӊгүлөрү жөнүндөгү маалыматтар 1-жолу 19-кылымдын орто ченинде П. П. Семёнов-Тянь-Шанскийдин изилдөөлөрүнүн натыйжасында алынган. Кыргызстанда 7743 мөӊгү бар, жалпы аянты 8381 км2 (эӊ чоӊ Түш. Эӊилчек мөӊгүсүнүн уз. 58,9 км, туурасы 2–3 км, аянты 613,2 км2, орт. калыӊдыгы 300–400 м), аларда 70 млрд м3 суу топтолгон. Кыргызстандын аймагында ири Гляциологиялык изилдөөлөр С. В. Калесниктин жетекчилиги м-н 2-Эл аралык уюлдук жыл мезгилинде (1930–32) башталып, Кыргыз ССР ИАнын Теӊир-Тоо бийик тоолуу станциясы уюштурулган (1948) ж-а ал Эл аралык геофизикалык жылдын станцияларынын катарына кирген учурдан (1957–58) өнүктү. Гляциологиялык изилдөөлөр Г. А. Авсюктун, Р. Д. Забировдун ысымдары м-н байланыштуу. Ошондой эле илимий-изилдөө иштерине А. Н. Диких, А. О. Осмонов, Е. К. Баков, Р. А. Усубалиев салымын кошкон. Кыргыз гляциологдору эрүүнүн гидрометеорологиялык шарттарын, мөӊгүлөрдүн калыӊдыгын, жылышынын ылдамдыгын, температуралык режимин, жылуулук ж-а ным балансын изилдеген. Бул эмгектердин натыйжасында мөӊгүлөрдүн жалпы каталогу түзүлгөн. Анда Кыргызстандын мөӊгүлөрүнүн морфологиясы жөнүндө маалыматтар, корутунду мүнөздөмөлөр камтылган.


Ад.: Калесник С. В. Очерки гляциологии. М., 1963; Тронов М. В. Ледники и климат. Л., 1966; Богородский В. Оледенение Заилийского Алатау. М., 1969; Котляков В. Снежный покров Земли и ледники. Л., 1968; Максимов Е. В., Осмонов А. О. Особенности современного оледенения и динамики ледников Киргизского Ала-Тоо. Б., 1995.
А. Осмонов.