ГНЕЙС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГНЕЙС (нем. Gneis – чирик) – метаморфизм тоо теги; массивдүү, көбүнчө жол-жол болгон гранитоид курамындагы кристаллдык сланец. Гнейс көбүнчө талаа шпатынан, аз өлчөмдө кварц, биотит, мусковит, амфибол, пироксен, гранат, силлиманит ж. б. минералдардан турат. Тыгыздыгы 2500–2900 кг/м3. Гнейске бири-бирине жарыш ж-а жука кат-кат болгон текстура мүнөздүү. Гнейс табиятта, айрыкча байыркы тоо тектердин арасында көп таралган. Алар о р т о г н е й с т е р ж-а п а р а г н е й с т е р болуп бөлүнөт. Биринчиси – жанар тоо тектердин (кычкыл ж-а орточо курамдагы эффузивдер м-н алардын туфтары), экинчиси чөкмө тоо тектердин метаморфизм процесстеринин натыйжасында өзгөрүшүнөн пайда болот. Гнейстер курулуш материалы катары пайдаланылат. Айрым жердеги Гнейстерде графит кендери кезигет.