ГОМИНЬДАН
ГОМИНЬДА́Н (кытайча – улуттук партия) – Кытайдагы саясий партия; Президент Юань Шикайдын бийлигин чектөө, Кытай Республикасын чыӊдоо максатында 1912-жылы Сунь Ятсен тарабынан негизделген. 1913-жылы Юань Шикайдын согуштук диктатурасы орногондон кийин, Гоминдандын иштөөсүнө тыюу салынган. 1921-жылы түзүлгөн Кытай компартиясы (ККП) менен бириккен. 1931- жылдан Чан Кайши жетектеген Гоминьдан Кытайдын башкаруучу партиясына айланган. 1927-жылы Чан Кайшинин тарапкерлери Чыгыш жана Батыш, андан кийин Борбордук Кытайда төӊкөрүш жасап, Кытай компартиясы түзгөн революциялык базаларга 5 жолу жортуул уюштурган. 1946-жылы Кытай компартиясы башкарган куралдуу күчтөрдү жок кылуу үчүн башталган граждандык согуш Гоминьдандын жеӊилиши менен аяктаган. 1949-жылы 1-октябрда Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгү жарыялангандан кийин, Чан Кайшинин тарапкерлери Америка куралдуу күчүнүн жардамы менен Тайвань аралына өтүп, Гоминьдан башкаруучу партияга айланган.


