ГОНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОНГ (малайзиялыктарча gong – үн тууроо) – 1) урма музыкалык аспап. Азия элдерине кеӊири тараган. Дүйнө элдеринин музыкалык маданиятында анын көптөгөн түрлөрү жолугат. Колодон, мистен жасалат. Таякча м-н уруудан добуш алынат. Анын добушунун бийиктиги урганга жараша бийик же пас болот. Симфониялык музыкага 1791-жылы биринчи жолу француз композитору Ф. Госсек, операга 1831-жылы Ж. Мейер тарабынан колдонулган. Опералык ж-а симфониялык оркестрде Гонгдун бир түрү там-там колдонулат; 2) латундан жал-

пак табак формасында жасалып, атайын койгучка илинген урма аспап. Калыс Гонгду балкача м-н уруп, бокста ар бир раунддун, күрөштө мелдештин башталышы м-н бүтүшүн, спорттук гимнастикада мелдештин аякташын билдирет.