ГОНЧАРОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГОНЧАРО́В Виктор Васильевич (18. 6. 1939-ж. т., Москва) – милициянын генерал-майору (1984). Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин (1966), СССР ИИМдин академиясынын 2 жылдык курсун бүтүргөн. 1965–67-жылдары Москва шаардык ички иштер башкармалыгында тергөөчү, 1967–69-жылдары Ленин райкомунда (Москва шаары) инструктор, 1969–74-жылдары Москва шаарында инструктор, 1974–87-жылдары СССР ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгында оперуполномочен, бөлүмдүн төрагасы, КПСС БКда бөлүм инструктору,

СССР ИИМдин кылмыш издөө башкы башкармалыгында төраганын 1-орун басары, 1987–91-жылдары Кыргыз ССРинин ички иштер министри. 1991–95-жылдары РФ ИИМде транспорт милиция башкармалыгын жетектеген. Медалдар м-н сыйланган.