ГОРАЦИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОРА́ЦИЙ (толук аты-жөнү – Квинт Гораций Ф л а к к) (б. з. ч. 65-жыл – б. з. ч. 8-жыл) – рим акыны. Римде ж-а Афиныда билим алган. Алгач республикачылар тарабында жүрүп, кийин император Августтун сарай акыны болгон. Горацийдин туӊгуч чыгармалары (б. з. ч. 35–30-жылдар) – моралдык ж-а адабий темаларда жазылган сатиралар же маектешүүлөр. Гораций ашкерелөө мүнөзүндөгү ырларды (эподдорду) да жазган. Б. з. ч. 30–13-жылдары 4 лирикалык ыр («ода») китебин чыгарган. Биринчи китеби философиялык ой жүгүртүүлөргө, экинчиси поэзия маселелерине арналган. «Поэзия илими» трактаты – классицизмдин теориялык негизи болуп калган. Горацийдин атактуу «Эстелигин» көп акындар туураган (Г. Р. Державин, А. С. Пушкин ж. б.). Гораций рим адабиятын грек лирикасындагыдай жаӊы өлчөм м-н байыткан. Анын чыгармачылыгы ошол кездеги адабияттын бийик үлгүлөрүнөн болгон.


Чыг.: Оды, эподы, сатиры, послания. М., 1970.
Ад.: История римской литературы. Т. 1. М., 1959.
Э. Кылычев.