ГОТЛАНД
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГО́ТЛАНД – Балтика деӊизиндеги эӊ ири арал. Швецияга карайт. Аянты 2960 км2. Калкы 57,2 миӊ (2013). Жеринин бетинин бийиктиги 83 мге жеткен, негизинен силурдун акиташ тегинен ж-а кумдугунан турган плато ээлейт; рельефтин карсттык формалары мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик. Жылдык жаан-чачыны 500 ммден ашык. Ийне ж-а жазы жалбырактуу токой, өлөӊ чөп өсөт. Дан эгиндери (кара буудай, сулу), картошка, кант кызылча, зыгыр өстүрүлөт. Кой чарбасы бар. Акиташ алынат. Башкы шаары ж-а порту – Висбю.