ГРАН ЧАКО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАН ЧА́КО (испанча grande – чоӊ, индейче – чако – аӊ уулоочу жер) – Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү табигый аймак. 19° ж-а 30° түштүк кеӊдиктердин аралыгында, негизинен Боливия, Парагвай, Аргентинанын аймагында. Рельефи түздүктүү, бийиктиги чыгышында 50–70 м, батышында 500–600 мге чейин. Түндүгүнө субэкватордук, борбордук бөлүгүнө тропиктик, түштүгүнө субтропиктик климат мүнөздүү; жайы нымдуу. Июлдун орточо температурасы 12–21°С, январдыкы 26–30°С (максимуму 47°С; материктин эӊ ысык жери). Жылдык жаан-чачыны 500 ммден (түштүк-батышында) 1200 ммге чейин (түндүк-чыгышында). Дарыялары батышы м-н чыгышында (Парагвай, Парана) көп. Кургакчыл сейрек токой (кебрачо, альгарробо, гуаякан ж. б.) басымдуу; батышына ксерофит бадалдары мүнөздүү. Жаныбарлар дүйнөсү бай. Саздак, шор жерлер кездешет. Кой асыралат; пахта өстүрүлөт. Аргентинанын түндүк-батышында нефть ж-а газ кендери бар.