ГРИГ Нурдаль

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИГ Нурдаль (1. 11. 1902, Берген – 2. 12. 1943, Берлинге жакын жерде) – норвег жазуучусу, акын, драматург, журналист, Норвегияда социалисттик реализм адабиятынын баштоочусу. «Илгери Үмүт тумшугунун айланасында» (1922), «Сел алган таштар» туӊгуч ыр жыйнагы (1925) жана «Кеме сапарын улайт» романы (1924) моряктардын турмушуна арналган. Согушка, империализмге каршы «Норвегия биздин жүрөктөрдө» ыр жыйнагын (1929), «Биздин атак, биздин күч» драмасын (1935), 1936–1939-жылдары Испаниядагы жарандык согушка катышып, «Испаниядагы жай айлары» публицистикалык макалалар жыйнагын (1937) жана Париж коммунасына (1871) арналган «Жеӊилиш» аттуу элдик баатырдык драмасын (1937) жазган. Согуш мезгилиндеги ырлары жашыруун таратылып, «Азаттык» (1945), «Үмүт» (1946) сыяктуу ыр жыйнактарына киргизилген. Мындан тышкары «Эрте өлгөндөр» сын жыйнагынын (1932), «Кытай күндөлүгү» публицистикасынын (1927), «Варрава» (1927), «Атлантика океаны» (1932) жана башка чыгармалардын автору. Ал прогрессчил «Вейен фром» («Veien frоm») журналын негиздеген.

Нурдаль Григ

Ад.: Крымова Н. И. Нурдаль Григ. М., 1965.