ГРИН ФУНКЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИН ФУНКЦИЯСЫ дифференциал теӊдемелердеги чектик маселелердин чыгарылышын интегралдык формада берүүчү функция. Грин функциясынын жардамы м-н дифференциал теӊдеме ж-а ага бир тектүү чектик шарттарга тийиштүү интегралдык оператор түзүлөт. Интегралдык оператордун ядросу – Грин функциясы. Аны табуу үчүн берилген дифференциал теӊдеменин бир тектүү чектик шартын канааттандырган фундаменталдык чыгарылышы алынат. Грин функциясы бир тектүү чекит шарттарды канааттандырган бир тектүү эмес теӊдемелердин чыгарылышын табууга мүмкүндүк берет. Көп учурда Грин функциясын күч, заряд ж. б. булактардын чекитине (борборуна) таасир эткен талаа иретинде түшүндүрүүгө болот. Мисалы, Грин функциясынын электр статикалык түшүндүрмөсү чекиттик заряддын (жерге көмүлгөн өткөргүчтүн ичиндеги) талаа потенциалы болуп эсептелет. Грин функциясы теориялык физикада, өзгөчө квант талаасы теориясында ж-а статикалык физикада мааниге ээ. Грин функциясы англиялык математик ж-а физик Ж. Гриндин ысмынан аталган.