ГУДЗОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГУДЗО́Н, Х а д с о н Генри (1550–1611-жылдар чен) – англис деӊиз саякатчысы. 1607–11-жылдарда Атлантика океанынан Тынч океанга өтүүчү түндүк деӊиз жолун табуу максатында Арктика деӊиздерине 4 жолу саякат жасаган. Гудзон ачкан Түндүк Америкадагы булуӊ, дарыя ж-а кысык анын атынан аталган. 1611-ж. июнь айында Гудзон булуӊунан кайта келе жатканда анын командасы көтөрүлүш чыгарып, Гудзонду уулу ж-а 7 морягы м-н кайыкка салып, таштап кетишкен, ошондон ал дайынсыз болгон.