ГУЖИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУЖИ́Н Георгий Семёнович [27.2.1922-жылы туулган, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Калинин (азыркы Жайыл) району, Вознесеновка кыштагы (учурда Панфилов районуна карайт) – 2.11.2013, Россия, Краснодар шаары] – география илимдеринин доктору (1969), профессор (1971). Кыргыз педагогика институтунун география факультетин бүтүргөн (1947). Гужин 1948-жылдан КМУнун география факультетинин экономикалык география кафедрасында окутуучу, улук окутуучу (1950), доцент (1954) болуп эмгектенген. 1954-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон. Эмгектери калк географиясына ж-а анын отурукташуусуна, социалдык сфера м-н байланышкан. Ошондой эле 200дан ашык илимий эмгектин автору. 1971-жылдан Краснодар крайындагы Кубань университетинде профессор, декан болуп эмгектенген.

Эмг.: Орто Азия тоолуу республикасынын калкынын жайланышы жана отурукташуу географиясы. Ф., 1954; Города Киргизии. Ф., 1958; Вокруг озера Иссык-Куль. Ф., 1959; География транспорта Киргизии. Ф., 1959; Типы сельского расселения Киргизии и обслуживание населения. Ф., 1970; Бытовая обслуживание на селе. Ф., 1978 (авторлош); Города Киргизии. Ф. 1981 (авторлош).