ГУН-БИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУН-БИ (сөзмө-сөз «чебер кыл калем») – кытай улуттук живописинде кеӊири тараган стиль. Өтө жука, чоӊ чебердик менен тартылган контур ачык түстөгү паста сымал боёктор менен айкалышат. Гун-биге деталдарды тартууда тактык жана дааналык мүнөздүү. Контур менен чийилген түстөрдүн чеги фигуралар менен предметтерди сүрөттө жалпак, ал эми бүт картинаны жасалгалуу кылып көрсөтөт. Гун-би өзүнүн ачык түстүүлүгү жана жасалгалуулугу менен чыгыш миниатюрасын элестетет. Гун-би стили көбүнчө жанрдык живописте колдонулган. Кээ бир учурда бул стилди «куштардын жана гүлдөрдүн живописи» деп аталган пейзаждарда да пайдаланышкан. Гун-би живописинин негиз салуучусу Ли Сы-сюнь (VII–VIII кылымдын башталышы) болгон, кийин бул стилде Чжао Бозцю (IX кылым), Су Хан-чень (XII кылым), Вонь Чжэньпен (XIV кылым), Чоу Ин (XVI кылым), ошондой эле Мин жана Цин доорлорунун сүрөтчүлөрү иштешкен. Азыр бул стиль гохуа живописине кирет.

Кытай живопись стили: Гунби, «Эки империя» Чыгыш маданият клубу.
Гунби стили: «Устат жарманкеси» журналындагы саймачылык тарыхы.
Кытай Гунби стили - картина Шедеврумда тартылган.