ГУР-ЭМИР
ГУР-ЭМИР (Эмирдин мавзолейи) – XV кылымдын башында Самаркандда курулган эӊ атактуу архитектуралык эстелик. Анын архитектуралык формалары бири-бирине шайкеш, санжыргалуу, салабаттуу жана кооз. Гур-Эмир Тимурдун небереси, мураскор ханзаада Мухаммед-Султандын аты менен байланышкан ансамблге кирет. 1403-жылы Мухаммед-Султан жортуул убагында Иранда каза болгон. Сөөгү Самаркандга жеткирилип, убактылуу ханакага коюлат. Ошондо Тимур сөөк койчу склепи бар чоӊ мавзолей курууга буйрук берет. Мавзолейдин курулушу бүтө электе эле Тимур каза (1405) болуп, анын сөөгү да убактылуу ханакага (ханзааданын жанына) коюлат. Мавзолей бүткөндөн кийин ичине Тимурдун, анын чыгыш жак жанына Мухаммед-Султан, Тимурдун оӊ жагына балдары Мираншах менен Шахрух, кийинчерээк чоӊ атасынын аяк жагына Улугбектин (Тимурдун небереси) сөөктөрү коюлган. Мавзолейге Тимурдун тукумдары гана коюлгандыктан, Гур-Эмир аталып калган. Улугбек Самаркандды башкарып турганда бир катар иштер жүргүзүлүп, кошумча курулуштар бүткөрүлгөн. Тимурга нефриттен эстелик жасалып, арабча жазуулар түшүрүлгөн. 1924-жылдан мавзолейдин тегерегинде чоӊ ремонт-реставрация иштери жүргүзүлгөн. Мавзолейге жүргүзүлгөн казуу иштери (1941), ошондой эле жаӊы жазма маалыматтар анын аймагындагы курулуштардын пайда болуу тарыхынын жана кийинки тагдырынын татаал маселелеринин чечилишине мүмкүндүк берген.



Ад.: Умняков И., Алескеров Ю. Самарканд. Таш., 1967. Ч. Жумагулов.