ГЮЙГЕНС-ФРЕНЕЛЬ ПРИНЦИБИ
ГЮЙГЕНС-ФРЕНЕ́ЛЬ ПРИНЦИБИ – толкундун (өзгөчө жарык толкунунун) таралышы жөнүндөгү маселени жакындаштырып эсептеп чыгаруу ыкмасы. Эгер эркибизче алынган толкун таралуучу кандайдыр бетте анын амплитудасы ж-а фазасы белгилүү болсо, анда Гюйгенс-Френель принциби боюнча мейкиндиктин берилген чекитинде толкун амплитудасын эсептөөгө болот. Голландиялык окумуштуу Х. Гюйгенстин алгачкы принцибине ылайык берилген моментте толкун келип жеткен беттин ар бир элементи элементардык толкундун борбору болуп эсептелет. Ошол элементардык толкундардын сырткы бетин жанып өткөн ийри сызык убакыттын келерки моментинде толкундук бетти түзөт. Гюйгенс принциби геометриялык оптиканын закондоруна ылайык толкундардын таралышын түшүндүрөт, бирок дифракция кубулушун түшүндүрө албайт. Франуз физиги О. Френель (1815) элементардык толкундардын когеренттүүлүгү ж-а интерференциясы жөнүндөгү түшүнүктү биринчилерден болуп киргизип, Гюйгенс принцибин толуктаган. Гюйгенс-Френель принциби толкун дифракциясынын көп учурларын жакындаштырып карайт.