ГЮРЗА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГЮРЗА́ (Vipera Ledetina) – кара чаар жыландар тукумундагы уулуу жылан. Узундугу 1,6 мге жетет. Жон жагында бозомтук же күрөӊ-кызыл темгили, капталында кара тактары бар. Түндүк-Батыш Африкада, Түндүк-Индияда, Кавказда, Казакстандын түштүгүндө, Орто Азияда кездешет. Тоо этектеринде, шагылдуу, карагайлуу капталдарында, капчыгайларда, суу өрөөндөрүндө, жүзүмзарларда, бак арасында жашайт. Майда канаттуулар, кемирүүчүлөр, кескелдириктер м-н азыктанат. Ургаачысы 43кө чейин жумуртка тууйт. Кишини чакса өлүмгө дуушар болот. Уусу медицинада колдонулат.