ГҮЛ ӨСТҮРҮҮЧҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛ ӨСТҮРҮҮЧҮЛҮК – дыйканчылыктын бир тармагы; парк, гүл бакча, гүлзар жана бөлмө кооздоодо, ошондой эле гүлдестеге керектелүүчү ар кандай гүл түрлөрүн өстүрүү. Гүл өстүрүүдө урук жана калемче алуу үчүн атайын ишканалар – питомник жана башкалар уюштурулат. Бир, эки жана көп жылдык гүлдөр өстүрүлөт. Бир жылдык гүлдөргө бир эле вегетация мезгилинде (урук себилген жылы) өнүп-өсүп, гүлдөп, урук берүүчү гүлдөр кирет. Алар: астра, георгина, агератум, логерия, теретрум, чырмоок гүл жана башкалар. Булардын көпчүлүгү уругунан көбөйтүлүп, ачык аянтка кеч күздө айдалат. Эки жылдык гүлдөр экинчи жылы гүлдөп урук берет. Алар: виола, коӊгуроо гүл, маргарита, чеге гүл, гүлкайыр жана башкалар. Көп жылдык гүлдөр жыл сайын күзүндө куурап, жазында өнүп чыгып, гүлдөй берет. Алар: пион, примула, дельфиниум, чекилдек, нарцисс, жоогазын, люпин, флокс жана башкалар. Көп жылдык гүлдөр эрте жаздан кеч күзгө чейин гүлдөйт, күзгү суук түшөрдө жерге көмүлөт. Вегетация мезгили узак гүлдөр көчүрүлөт (мисалы, сальвия, Шабо чеге гүлү, бегония жана башкалар), ал эми вегетация мезгили кыска гүлдөр уругунан өстүрүлөт (мисалы, көк баш, иберис, космея жана башкалар). Гүл өстүрүүчүлүктү өнүктүрүүдө илимий-изилдөө мекемелери, ботаникалык бактар зор роль ойнойт. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ботаника багында жана Бишкек, Ош жана башка шаарлардын жашылдандыруу мекемелеринде жылыга миллиондогон гүл көчөттөрүн өстүрүшөт. Гүлдүн негизги зыянкечтери: желелеме кене, трипс, чөп бити, нематода жана башкалар. Негизги илдеттери: жалган чаӊгыл кебер, фузариоз, дат жана башкалар.

Күнөсканадагы роза гүлдөрү.
Талаада гүл өстүрүүчүлүк.
Шаарды кооздоо үчүн өстүрүлгөн гүлзар.