ГҮЛЗАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛЗАР – гүлдүү, шиберлүү жер аянтчасы. Мында өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгү, кооздугу эске алынат. Шиберлүү гүлзарга көбүнчө тулаӊ, көдөө, тарак баш сыяктуу чөптөр эгилип, жайкалта кыркылып турулат. Гүлдүү гүлзарда бир ж-а көп жылдык гүлдүү өсүмдүктөр (байчечекей, жоогазын, атыр гүл ж. б.) өстүрүлөт. Бак, парк, жол жээгин, имарат алдын көркөмдөөдө колдонулат.

Өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган Бишкектеги гүлзар.
Шаар гүлзары
Түрдүү гүлдөр өскөн гүлзар.