ГҮЛКАЙЫРЛАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГҮЛКАЙЫРЛАР (Malvaceae) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Алар – чөп, бадал, кээси майда дарак сымал. Жөнөкөй жалбырагы сабакта кезектешип жайгашкан, жан жалбыракчалуу. Гүлдөрү ири, туура түзүлүштүү, эки жыныстуу, жалгыз же топ гүлдүү. Гүл коргону беш мүчөлүү. Мөмөсү – кутуча, ал бир нече майда жаӊгакчага бөлүнөт. Гүлкайыр тукумунун 90го жакын уруусунун 1600 түрү тропикте жана субтропикте таралган. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө гүлкайырдын 11 уруусунун 75ке жакын түрү өсөт. Анын Кыргызстанда 7 урууга кирген 26 түрү бар. Айрымдарынан була, дары-дармек алынат, кээ бир түрлөрү кооздук үчүн гүлзарларда өстүрүлөт.

