ГҮМКАНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГҮМКАНА – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Арстанбап айыл округуна караштуу. Арстанбап-Ата токой чарбасынын борбору. Арстанбап суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1240 м бийиктикте, жапайы жаӊгак-жемиш токоюнун арасында жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 47 км түндүк-чыгыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 80 км. Кыштак 1932-жылы отурукташкан. Калкы 2102 (2022); негизинен токойчулукта ж-а аары чарбасында эмгектенет. Жыгач буюмдарын жасоочу цех иштейт. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП ж. б. бар. Гүмкананын жанында «Арстанбап» пансионаты жайгашкан.