ДЕКАДАНС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕКАДА́НС (латынча decadentia – кедери кетүү) – XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башындагы адабият менен искусстводогу кризистик көрүнүштөрдүн жалпы ата­лышы. Термин 1830-жылдарда Францияда пай­да болгон. Декаданстын келип чыгышына буржуазиялык аӊ-сезимдин кризиске учурашы, көп сүрөтчүлөрдүн кескин социалдык карама-каршылыктар менен революциядан чоочуркашы, революциядан карандай ойрон­чул күчтү гана көрүшү себеп болгон. Декаданс­тар коомдук прогресс идеясын жана социалдык таптык күрөш түшүнүгүн четке кагып, саясий­ граждандык темалардан баш тарткан. Декаданстык адабиятка негизинен ындыны өчкөндүк, турмуш­тан качуу, индивидуализмди көркөмдөө, мак­тоо, өлүмдү даӊазалоо мүнөздүү. Декаданстык адабияттын мотивдери адегенде П. Верлен, А. Рембо (Фран­ция) сыяктуу символист акындардын поэзия­сында пайда болуп, Декаданс Г. Россети, Х. Хант (Анг­лия), Ж. Пасколи, А. Ориани (Италия), М. Ме­терлинк (Бельгия), Р. М. Рильке (Австрия), Н. Минский, Д. Мережковский, З. Гиппиус (Рос­сия) тарабынан өрчүтүлгөн. Россияда Декаданс 1905– 1907-жылдагы революция жеӊилгенден кийин күчөгөн. Орус адабияты менен искусствосунда реалист жазуучу­лар (Л. Н. Толстой, В. Г. Короленко, М. Горький), алдыӊкы көз караштагы адабиятчылар менен сынчы­лар (В. В. Стасов, В. В. Воровский, Г. В. Пле­ханов) Декаданска каршы күрөшкөн. Декаданс адабиятта симво­лизм, көркөм сүрөт өнөрүндө абстракционизм, сюрреализм, музыкада конкреттүү музыка, до­декафония, архитектурада модерн, брутализм сыяк­туу формада көрүнөт.