ДЕЛАФОНДИОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛАФОНДИО́З (Delafondiosis) – сыӊар туяк­туу малдын гельминтоз ылаӊы. Нематода (Delafondia vulgaris) пайда кылат. Анын курту агыш-саргыч келип, эркегинин узундугу 14–16 мм, ургаачысы 20–24 мм. Көбүнчө жылкы ылаӊдайт. Курт жоон ичегинин чычыркай майындагы кан тамырларда мителейт. Жоон ичегиде ургаачы­сы жумуртка таштап, ал эки баскычтан өтүп чоӊоёт. Личинкалары малдын заӊы м-н кошо сыртка чыгат. Айрым курттары боор, өпкө, лим­фа түйүнүнө өтүп, канды уютат. Делафондиоз бардык жер­де кездешет. Ылаӊ оор ж-а жеӊил түрдө өтөт. Чоӊ жылкынын чычыркай майындагы кан та­мырды личинка бөгөп, жылкы тынчсызданып, жаталактайт. Ичи көөп, денеси калтырап, ка­рышып, өлүмгө учурайт. Ылаӊдатпоо үчүн мал­ды бир жылда эки жолу (апрель, октябрь) де­гельминттөө, ошондой эле короо-сарайды, урунган ку­ралдарды таза кармоо, жылкы асыроодо жа­йытты алмаштырып туруу керек.