ДЕЛИМИТАЦИЯ
ДЕЛИМИТА́ЦИЯ (delimitatio – чек араны орнотуу) – чектеш мамлекеттердин ортосундагы чек ара сызыгынын жер бетиндеги ордун так аныктоо. Делимитация эл аралык келишимде белгиленет ж-а ага тиркелген картада графикалык жактан сүрөттөлөт. Делимитация татаал ж-а жай жүргөн процесс. Анда чектеш мамлекеттер мамлекеттик чек ара сызыгын тактоо, аныктоо ж-а бекитүү б-ча саясий макулдашууга жетишүүсү зарыл. Делимитация жүргүзүү жөнүндөгү саясий макулдашуу биргелешкен коммюнике, билдирүү, меморандум ж. б. саясий документтерде жарыяланат. Мисалы, кыргыз-кытай чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү 1989-жылы Совет-Кытай, 1992-жылы Кыргыз-Кытай биргелешкен коммюникесинде бекитилген. Чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө пикир келишпестиктер болуп, ал чечилбеген учурда аны жөнгө салуу үчүн дипломатиялык ортомчулук, арбитраждык, эл аралык сотту калыстыкка тартууга эл аралык укуктун жоболору жол берет. Чек араны Делимитациялоонун негизинде демаркация жүргүзүлөт.
Э. Кадыров.