ДЕЛЬТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ́ЛЬТА – деӊиз же көлдүн тайыз жерине куй­ган ири дарыянын төмөнкү агымындагы агын­ды-шиленди тектерден түзүлгөн түздүк. Термин гректин ∆ (дельта) деген баш тамгасынан алын­ган, анткени ошол убакта Нил дарыясынын чатын үч бурчтукка окшоштурушкан. Дарыя куйган жер­де суу агымынын ылдамдыгы кескин басаӊда­шынан агындылар чөгүп, сайроондор пайда бо­лот. Алар бара-бара сууну сай-сайлатып бөлүп, агым бир нече салаа боюнча агып калат. Убакыт өткөн сайын Дельтанын аянты деӊизди карай чоӊоёт. Дельтанын жайылып чоӊоюшунун ылдамды­гы жылына бир нече мден жүздөгөн мге че­йин жетет. Айрым ири дарыялардын Дельтасы чоӊ аянтка ээ. Мисалы, Амазонка Дельтасыныкы 100 миӊ км2, Волганыкы 13 миӊ км2 ж. б. Пайда болушуна ж-а өсүп-өрчүшүнө байланыштуу үч бурчтуу

Түндүк аралындагы Тонгариро дарыясынын дель­тасы.

Дельта (Нил дарыясы), жалпак Дельта (Миссисипи, Кура), до­гоо сымал (Лена), тумшук сымал (Тибр), бөлүн­гөн (Камчатка), толгон (Кубань) ж. б. болуп бөлүнөт.