ДЕЛЬТАПЛАНЕРИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛЬТАПЛАНЕРИ́ЗМ – авиация спортунун эр­кин учууга негизделген түрү. Мында учуп-ко­нуусу адамдын буту м-н башкарылган дель­таплан колдонулат. Дельтапланда учуунун дүй­нөлүк рекорду 20 саат. Мелдеш учуу узактыгы

ж-а белгиленген чекке дал түшүү боюнча жүргүзүлөт. 1976-жылы дельтапланеризм боюнча Эл аралык комиссия (СИВЛ) негизде­лип, Эл аралык авиация федера­циясына кирген. Бул спорттун түрү боюнча дүйнөнүн ж-а Европа­нын чемпионаттары 1977-жылдан кезеги м-н өт­көрүлөт.