ДЕЛЬФИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛЬФИНДЕР (Delphinidae) – киттер түркүмүн­дөгү тукумча. Денесинин узундугу 1,2–3 м, кээ бир түрү 10 мге жетет. Дельфиндердин жонунда сүзгүчү бар, тумшугу узун ж-а

тиши көп (70ке жа­кын). Сууда жак­шы сүзөт. Үн чыга­руу органы, борбордук нерв системасы, булчуӊдары жак­шы өөрчүгөн. Сырт­кы чөйрөдөн кел­ген информация­ларга сезгич. Дельфиндер колго тез үйрөнгөндүктөн, цирк ж-а лаборатория жа­ныбары катары океанариумда, дельфинарийде багылат. Дельфиндердин 48 түрдү бириктирген 20 уруусу бар.. Балык, моллюска ж-а рак сымалдар м-н азыктанат. 1966-жылдан КМШ өлкөлөрүнүн деӊиздеринде дельфиндерди уулоого тыюу салынган.