ДЕЛЮВИЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕЛЮ́ВИЙ (лат. deluo – жууйм), д е л ю в и й ч ө к м ө л ө р ү – жаан-чачын суулары м-н агып же оордук күчүнүн таасиринен каптал ылдый кулап, тоо этегине жыйналган борпоӊ тоотек шилендиси. Делювийдин курамында чопо, кум, кырдуу кесек таштар аралаш жатат. Таштардын өлчөмү ар кандай, петрографиялык курамы Делювийдин үстүнкү кабатында жаткан кабаттуу чулу тоотектерге байланыштуу. Делювийде көбүнчө алтын, калай, вольфрам ж. б. металлдардын чачынды кендери болот. Делювий чополору кыш даярдоодо кеӊири пайдаланылат, к. Чөкмө тоотектери.