ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫ – организм м-н тыш­кы чөйрөнүн ортосундагы газ алмашуу кызма­тын аткаруучу органдар. Дем алуу органдары кычкылтекти атмосферадагы абадан эркин же сууда эриген абалда алган жаныбарларда гана болот. Анаэробдордун,

Дем алуу органдары: 1 – мурун көӊдөйү; 2 – катуу таӊдай; 3 – ооз көӊдөйү; 4 – кулкун; 5 – кулкундун ооз бөлүгү; 6 – коко жапкыч; 7 – коко; 8 – кызыл өӊгөч; 9 – кекиртек; 10 – сол өпкөнүн жогорку учу; 11 – сол өпкө; 12 – ири сол бронх; 13 – өпкө альвео­ласы; 14 – майда бронхтор; 15 – тил.

көпчүлүк жөнөкөй аэробдордун (жөнөкөйлөр, былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр ж. б.) Дем алуу органдары болбойт, аларда дем алуу териси аркы­луу диффузия жолу м-н жүрөт. Дем алуу органдары түрдүү организмде ар башка түзүлүштө болот. Абадан дем алуучулардын Дем алуу органдары – өпкө ж-а кекиртек, ал эми суудан дем алуучуларда – бакалоор. Бар­дык жерде-сууда жашоочулар, канаттуулар, сүт­ эмүүчүлөр, кээ бир балыктар – өпкөсү, көпчүлүк балыктар, айрым жерде-сууда жашоочулардын личинкасы, үлүлдөр бакалоору м-н дем алышат. Алгачкы Дем алуу органдары муунак курттарда бакалоор түрүндө пайда болгон. Сууда газ алмашууга ба­калоордон башка ктенидия да катышат. Кээ бир балыктарда (кычкылтеги аз баткактуу көлмөдө жашаган) бакалооруна кошумча дем алуу органдары өөрчүйт, ошондой эле арткы ичегинин кээ бир бөлүгү (кээ бир жаян сымалдар) да дем алууга катышат. Адам­да дем алуу органдары аба өткөрүүчү жолдордон (мурун, коко, кекиртек, бронхтор) ж-а өпкөдөн турат.