ДЕМИУРГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМИУ́РГ (грекче demiurgos – уста, кол өнөрчү, жаратман) – 1) Байыркы Грекиядагы кол өнөр­чүлөр, эркин кесиптеги адамдар; 2) Платондун философиясында түзүүчү, алгачкы башталма. Демиург дүйнөнү «жок нерседен» жараткан деген хрис­тиандык Кудайдан айырмаланып, реалдуу дүй­нөнү алгачкы хаостон же зат башаттан жарат­кан делет; теологияда Демиург – Кудай, дүйнөнү жа­ратуучу деп кабылданган.